Чачын бир жылда 6 жолудан көп боёгон аял рак оорусуна чалдыгат

151

14% учурда чачын көп боёгон аялдарга ушул диагноз коюлат. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы кабарлайт.

Бир жылда чачын алты жолудан көп боёгон аялдар сүт безинин рагы менен оорушу мүмкүн. Лондон ооруканасынын профессору Кефан Мокбел сүт бези рагына чалдыккан бейтаптардын оору тарыхын өз ара салыштырып изилдеген. Натыйжада 14% учурда чачын көп боёгон аялдарга ушул диагноз коюла турганы белгилүү болгон.

Биздин адистер чач боёнун онкологиялык ооруларга алып келерин аныкташты. Жеке өзүм чачын бир жылда алты жолудан көп боёгон аялдарга дарыгерерге көрүнүп турууга кеңеш берет элем”, – дейт Кефан Мокбел.

Мындан тышкары, мүмкүн болушунча курамында аммиак жок боёгучтарды тандоого кеңеш берет. Ушул убакытка чейин Фламанд Университетинин адистери кантты көп керектеген адамдардын рак оорусуна көп чалдыга тургандарын байкашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь