Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков өлкөдөгү бай адамдардын сап башында турат. Ал байлыгынын көбүн түзгөн бизнеси аркылуу жеткендиги белгилүү.
Турсунбеков ун азыктарын чыгарган фирма, Ысык-Көлдө бир нече пансионатка, «БЛВЗ» ААКсына, «Акылинвестбанкына» ээлик кылат. Аталган банк мурда Максим Бакиевге таандык болуп келгендиги айтылат. Революциядан кийин анын жубайына катталгандыгы ачыкталгандыгын фейсбукта жазышууда.
Экс-спикердин балансында «Керамет Co inc» аттуу биргелешкен кыргыз-түрк ЖЧКсы бар. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы №87 үйүндө жайгашкан. Ал эми «Альтаир» аттуу дыйкан чарбасы ошол эле Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында жайгашкан. Бишкек шаарынын Дэн-Сяопин проспектиси үй №308 дарегинде жайгашкан «Акун Курулуш» заводу катталган. Бишкек шаарынын И. Ахунбаев көчөсү үй №119 «А» дарегинде «Ишкерлердин Бишкек федерациясы» коомдук бирикмеси жана Сагынбай көчөсү үй №264 дарегиндеги 14-батирде жайгашкан «Алчын» кыргыз-түрк биргелешкен коому ЖЧКсын да бар.
Ал эми Ч. Турсунбековдун жубайы Н. Тентимишевага Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсү үй №7 дарегиндеги «Энди Билдинг» ЖЧКсы, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсү үй №2 дарегиндеги «Бишкек ун комбинаты» ААКсы, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы «Акун Ысык-Көл» ЖЧКсы (пансионаты) катталган.
Депутаттн кызы А. Турсунбекова Бишкек шаарынын Ден-Сяопин проспектиси үй №308 дарегиндеги «Акун» ЖАКсына ээлик кылат.
Жогоруда аты аталаган ири ишканалардан сырткары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү дагы бар. Бардык бийлик менен мамиле түзүп, бизнесин бир кыйшайтпай алып кетип жаткан Турсунбеков ушулардын бардыгына маңдай тери менен жеттиби? Балким, тиешелүү укук коргоо органдары бир иликтеп көрсө деп жазат Чалкан.org баракчасы.