Ысык-Көл: Элеттиктер төө кирпич куюп акча табууга киришти

258

Элетте жумушсуздуктун айынан жергиликтүүлөр ар кандай амал менен акча табуунун жолун издешүүдө. Алсак, Ысык-Көл облусунун Жаңы-Арык айылынын тургундары быйыл биринчи жолу төө кирпич куюп акча табууга киришти. Айтымдарында, күнүнө 100-150дөй кыш куят. Ар бир төө кирпичтин салмагы 15-20 килого чамалап, 27 сомдон сатылат.

Иштеп жатканыбызга 15-20 күн болду. Жол жээгиндеги арыктан суу агат. Ага байланыштуу ушул жакта иштейбиз, ары-бери каттаган кардарлардын да көӊүлү бурулат. Адегенде топуракты бир күн чылап ачытабыз. Эртеси саман аралаштырып калыптарга салып, куюп баштайбыз. Эгер жаан-чачын болсо, жарабай калган кирпичтерди кайра жанчып иштетебиз. Топуракты Жол-Колот айылындагы карьерден 2 миӊ сомго сатып алабыз. Азыр актаганы жакшы эле, болгону ылай, муздак суу ден соолукка зыянын тийгизип коюп жатат.

Аргасыз ылай кечирген машакаттын кирешеси кардарлардын сатып алуусуна жараша болот. Чийки кыш бышкан кирпичтен жылуулугу боюнча эч айырмаланбайт дейт Дастан Сагалиев.

Азыр эл арасында колунда бары кымбатын алса, орто жашагандар чөнтөгүнө жараша иш кылышат. Кара жумуш, чындыгында, ден соолукка зыян алып келет. Айла жок, оокат кылыш керек. Кээ бир адамдар бар, буту-колу соо кайыр сурап жүрүшөт. Ага караганда, түйшүктүү эмгек — таман акы, маӊдай тер да.”

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь