Үйүн түрттүрүүгө каршы чыккан жаран өзүн өрттөп жиберди

198

18-майда Самарканд облусунун тургуну өзүн-өзү өрттөп жиберген. Анын үйүн түрттүрүүгө келген кызматкерлердин көзүнчө бензин чачып өзүнө өрт койгон. Алган күйүгүнүн кесепетинен ооруканада көз жумуп, аны өчүрүүгө аракет кылган 60 жаштагы энеси ооруканада.

Күбөлөрдүн айтымында, жер-кадастр ишканасынын үч кызматкери маркумдун турак жайын түрттүрүү үчүн анын үйүнө келген. Ага чейин ал үйүн мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү түзүмдөргө керектүү документтерди тапшырган. Бирок мамлекеттик органдар ага уруксат беришкен эмес. Мындан соң ал каршылык көрсөтүү үчүн өзүнө кол салган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жер-кадастр мекемесинин кызматкерлери анын үйүн түрттүрүү үчүн эмес, кайрылуусун иликтөө үчүн барышканын, ошол маалда ал өзүнө өрт койгонун маалымдады.

Оор күйүк алган 33 жаштагы кишинин артында үч баласы калды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь