4 бала менен көчөдө калабы? Майып медайымдын учурдагы абалы (видео)

345

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Фучик 24 дарегинде жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир канча убакыттан бери уйку жок. Себеби мамлекеттик мүлк фондусу тарабынан 10 күндүн ичинде үйдү бошотуп берүү боюнча билдирүү келген.

Айманат Бектурсунова бир топ жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. “Үңкүр да болсо үйүм бар” деп кичинекей бөлмөдө 4 баласы менен баш калкалап келүүдө. Тардыгына карабай оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп, 18 жылдан бери жакшы үмүт менен мамлекетке төлөчү акчасын төлөп жашап келген.

Эми “бул үйдү бошотуп бер” деген кагаз келгенден бери, бараар жери жок эмне кылыштын айласын таппай жаткан учуру.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь