YouTube видеохостинги ушул жылдын август айынан тарта каналга катталуучулардын так санын көргөзбөй калат. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда жайгаштырылган.
Маалыматка ылайык, ютуб каналга инстаграм социалдык тармагы сыяктуу катталуучулардын саны тегеректелип, мисалы 4227 болсо, аны тегеректеп 4200 деген санды көрсөтөт. Качан гана каттаалуучулардын саны 52 000 00 го жеткенде гана ээси так санды көрө алат.
“Биз билебиз YouTubeдагы каналдардын негиздөөчүлөрүнө катталуучулардын саны абдан маанилүү. Ошондуктан бул өзгөрүүлөр тууралуу алдын ала маалымат берип коюну туура көрдүк”,-деп айтылат маалыматта.
Компания жакындаганда кененирээк маалымат берилет.