Айыл чарба министрине экинчи талапкердин аты аталды

273

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги заманбап менеджерге муктаж. Мындай маалыматты бүгүн социалдык тармактарда аталган министрликке татыктуу катары Бакытбек Мамытканов келсе деген пикирди калтырты.

Анда  “Азыркы министрлер иштин көзүн билбегендиктен жумуш ордунан кетишти. Айыл чарба министрлиги боюнча айтсак, жарытаарлык бир дагы иш кылган жок. Коомчулуктун көз карашы деле түз эмес. Эми бул министрликтин ордуна  ким келээри белгисиз.  Кыргызстандын 63% айыл аймагы түзгөндүктөн, дээрлик бизге иштин көзүн билген чарбачыл министр керек. Биз качан дыйкандарды, өз чарбасын мыкты өнүктүргөн өндүрүшчүлөрдү гана колдогондо, экономикабызга чоң салым кошулуп, ИДӨ кыйла көтөрүлмөк.”- дешүүдө. Ошондой эле, “Биздин өлкөгө айыл чарба министрин татыктуу тандабасак, баягы эле жолдо каларыбыз талашсыз. “Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу”- деген эр азаматтарды коомчулук билгени менен мамлекеттик кызматка жакындатпай, тааныш билишке салып жатканы баарыбызга маалым. Ошондуктан, азыр бизде татыктуу талапкер деп Бакытбек Мамыткановду айтсак болот. Урматтуу “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Жогорку Кеңештин депутаттары! Эгер чындап айыл чарбаны өнүктүрүүнү жолго салалы десек, Бакытбек Мамыткановдун талапкерлигин карап көрүңүздөрдү өтүнөбүз!”-деп жазган интернет колдонуучусу.

Эске салсак, бүгүн айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кызмат ордун бошоткон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь