Айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кетти

347

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев отставкага кетти.

Министрдин өзүнүн айтымында, ал кечээ 23-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев арызын кабыл алган.

Мурашев ден соолугуна байланыштуу жана коомчулукта ага карата айтылган сындан улам кызматтан кетүү боюнча чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Нурбек Мурашев 2016-2019-жылдары Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министри болуп иштеди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь