Эхинококкоз дартын таратуучу ит болгондуктан Ат-Башыда Польшадан келген ветеринардык хирургдар итке операция жасоону көрсөтүп берип жатат. Адистер 4 күндөн бери жергиликтүү ветеринарларга итке тирүү кезинде диагноз коюу боюнча жана аны бычуу практикалык окутуу өткөрүшүүдө.
Алар адамга операция жасагандай эле, итке наркоз берип бардык эрежелер сакталды. Айыл ветеринарлары буга чейин итке операция жасап көрүшкөн эмес.
Иттин санын азайтуу үчүн аларды атуу маселени чечпейт экен деген мал дарыгерлер, иттин көбөйүүсүн операция жолу менен кыскартыш керек дейт.