Бишкекте 4 сааттын ичинде 5 киши ВИЧ жуктурганы аныкталды

91

Бишкектин базарларында төрт сааттын ичинде 5 адам ВИЧ инфекциясын жуктургандыгы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлигин өкүлү Айбар Султангазиев элдик.медиага билдиргендей, борбор калаанын Ош, Орто-Сай, Аламедин базарларынын айланасында текшерүү жүргүзүшкөн.

5 сааттын ичинде кокустан эле жолдо бара жаткан 280 адам текшерилген. Тесттин жыйынтыгы 99,5 пайызды дал көрсөтөт.

Кыска убакытта эле 5 адам ВИЧ оорусун алып жүргөндүгүн билген Султангазиев таң калгандыгын жашырган жок. Кыргызстан үчүн бул эпидемия чоң коркунучу дейт.

Эки киши жеринен адистерден кеңеш алып, алар менен бирге СПИД Борборуна жөнөп кетти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь