Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда кызматынан кете тургандыгын билдирди. Өзүнүн кайрылуусунда Британиянын Европа биримдигинен чыгуу (брекзит) процессин аягына чейин жеткире албаганына өкүнөрүн белгиледи.
Тереза Мэй Британияда экинчи аял премьер-министр болуу чоң сыймык экенин билдирип, “экинчи, бирок акыркы эмес”, – деп баса белгиледи. Ал акыркы сөзүндө көзүнө жаш алды.
Эске салсак, Тереза Мэй брекзит боюнча экинчи референдум өткөрүү маселесин парламентке добуш берүүгө алып чыккан, бирок бул сунушу колдоо тапкан эмес.
Жакында Евробиримдик брекзит боюнча мөөнөттү 31-октябрга чейин узарткан. Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташкан.
Буга чейин Британиянын премьери Брюссел менен брекзит боюнча чогуу түзгөн келишими парламентте үч ирет добушка коюлуп, өтпөй калган.