Марий Эл республикасынын Юрино айылындагы мектептердин биринде сөз сүйлөп жаткан депутат Екатерина Вахитовага окуучу бала кол салды.
Маалыматка ылайык, «Единая Россия» партиясынын жергиликтүү депутаты бүтүрүүчүлөрдү куттуктаганы келгенде окуучу бала анын партиясына асылып кыйкырган. Депутат айым сүйлөп жатканда бүтүрүүчү чуркап чыгып депутатты башына чаап жиберген.
Бүтүрүү кечесинде башаламандык жаралып, жан сакчылар баланы дароо сыртка чыгарышкан. Ал эми эл өкүлү сөзүн жыйынтыктай албай ыйлап жиберген.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталганы кошумчаланат.