Дамир Мусакеев беш жылга эркинен ажыратылды

303

Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Мусакеев сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, Мусакеев сот залынан камакка алынган жана СИЗО-1 алынып кеткен.

Эске салсак, Дамир Мусакеев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деп айыпталды.

Дамир Мусакеевге Кылмыш кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь