Акыркы коңгуроого мугалимдер акча чогултпайт дегенге ким ишенет? Аттестат тапшырууда, акыркы коңгуроодо мектеп администрациясы окуучулардан акча чогултуп, ата-энелерге материалдык зыян тарттырбасын деген Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу дагы бар. Жалал-Абад шаарынын айрым мектептеринде ал буйрукту “уруп” ойнобогондор бар…