Жаш активист Дастан Эркин уулу талкуу орус тилинде өтүп жатканын сындады.
“Биз эмне Россияда отурабызбы, баарыбыз кыргыз болгондон кийин кыргызча эле сүйлөбөйлүбү” деп катышуучуларды кыргызча сүйлөөгө чакырды. Ошондой эле Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартова бул талкууга катышууга моралдык укугу жок дейт.
“Мен буга чейин Равшан Жээнбековду сыйлап келчүмүн. Бирок гей-парадды колдоп чыккандан кийин бул жерге алардын келип катышканга моралдык укугу жок. Бир гана УКМКны реформалоо боюнча талкууга эмес башка жерлерден да катышканга укугуңар жок. Равшан Жээнбеков сизди Американын акчасын алып жан багаарыңарды баары эле билет. Өзүңөрдүн принцибиңер жок. Позицияңарга тура албагандан кийин мындай нерселерди талкууга албай эле койгула да, силер менен бирге бул жерде отурган мен үчүн жийиркеничтүү”- деп жыйындан чыгып кетти.
Булак: mezgilnews.kg