ИИМ: Саляновдун өлүмүнө шектүү экинчи киши Москвадан Бишкекке алып келинди

193

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү деген экинчи киши Москвадан Бишкекке алып келинди.

23-май күнү ИИМдин криминалдык милиция кызматынын эки кызматкери Москвага шектүүнү алып келүү үчүн кетишкен.

36-жаштагы Асанэмир Абыкулов азыр Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди.

Абыкулов Кылмыш кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) жана алдамчылык менен шектүү катары эл аралык издөөдө жүргөн. 2018-жылдын январында Москвадан кармалганы кабарланган, бирок Кыргызстанга өткөрүлө элек болчу.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрда башталган.​ Буга чейин дагы эки шектүү кармалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь