Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын түптөлгөнүнө 1-июлда 150 жыл толот. Жылдык мааракеге карата ички инфрастуруктураны, сейил бактарды жаӊылоого каражат чогултуу акциясы башталды. Марафондун жүрүшүндө жаштар жана пенсия курагындагылар активдүү катышып жаткандарын шаардын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди.
Анын айтымында түшкөн каражат банкттык эсептик негизде чогултулат. Сарптоо иштерине шаар активдеринен 12 өкүлдүн катышуусунда көзөмөл жүргүзүлөт. Ага утурлай, шаарды оӊдоо үчүн коомчулуктун көз карашы менен сунуштар кабыл алынууда. Тандалып алынган соӊ, архитектура кызматынын киришүүсү менен иш башталат.
«Шаардын 150 жылдыгына карата Караколдун мэри Адыл Каниметов 29 миӊ 700 сом өлчөмүндөгү бир айлык маянасын берсе, мэриянын аппаратында эмгектенгендер бир күндүк маянасынан жалпы 25 миӊ сом салым кошот. Марафон сентябрь айына чейин уланат»,-деди Орозова.