Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту “Ачык саясат” гезити менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин ортосундагы ишти карады. Аталган райондук сот гезиттен депутатка 300 миң сом өндүрүү чечимин чыгарды.
Эл өкүлү “Ачык саясат” гезитине 2018-жылы жарыяланган “Рыспаевди иттен чыгарып коюшту…” деген макаласы үчүн сотко берген. Соттук процесстер уланып, Рыспаев сотко гезиттен 1 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап кайрылган. Ал эми сот депутат алгач сураган 300 миң сом акча өндүрүү чечимин чыгарган.