Нарын районунда каргашалуу окуя болду. 20-май күнү Куланак айылынын 20 жаштагы тургуну мал короого кирип өзүн-өзү асып алган. Каза болгон бала алты бир туугандын ичинен жалгыз уул болгон. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБнан тастыкташты.

Суук кабарды уккан жаш баланын атасы Нарын дарыясынын жээгиндеги бакка зым менен асынып алган. Окуя болгон жерге шаардык милиция барып 1973-жылы туулган адамдын жансыз денесин табышкан. Белгилүү болгондой маркум Нарын шаарында иштеп жүргөн. Аны бир тууган агасы издеп жүрүп асынып турган жеринен тапкан.

Маркумдардын сөөгү кечээ 23-майда жерге берилип, ата-баланын өлүмү боюнча териштирүүлөр башталды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 116