Украиналык ырчылар Алексей Потапенко менен Настя Каменских баш кошту. Бул тууралуу Настя Каменских Instagram баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, эмоциясын жарыялай бергенди жактырбайт. Бирок, бул учурду күйөрмандарым менен бөлүшкүм келди деп жазган. Ошондой эле, көп убакыт бою “чоочун көздөрдөн, жаман сөздөрдөн” мамилесин сактап келген жолдошуна ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин 38 жаштагы Потап жана 32 жаштагы Настя мамилелерин ачыктаган эмес. Бирок коомчулукта экөөнүн жакын мамилеси бар экендиги так айтылбай келген. Акыры эки жаш айтылган кептерге чекит коюп 23-майда үлпөт тоюн өткөрүштү.
“Потап жана Настя” дуэти 2006-жылы түзүлгөн.
