Премьер-министр Абылгазиев Жумгал районунун маданий объектилеринин абалы менен таанышты (сүрөт)

319

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 24-майда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылынын Таттыбүбү Турсунбаеванын атындагы “Сон-Көл” маданият үйүнүн абалы менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине кинотеатрдын баштапкы капиталдык ремонтуна жумшала турчу чыгашалар сметасын түзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары Өкмөт башчы Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы драмалык театрдан кабар алды. Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыл Сапаров маалымдагандай, театр 1930-жылы негизделген. Ал жерде кыргыздын белгилүү маданият чеберлери Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов, Мырсаалы Турсунбаев, Шарапат Жапарова, Сайра Өмүрканова, Сүйүнбек Бийназаров жана Шарыпкул Эсенгулов эмгектенишкен.

Премьер-министр драмалык театрдын капиталдык ремонтунун долбоорун баштоого буйрук берип, толук кандуу театралдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө бардык шарттар каралышы керектигин белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь