«Супер Инфонун» кожоюну алмашты. Кылычбек Султан шайлоого катышуу ниетин билдирди

405

«Супер Инфо» басылмасынын кожоюну алмаша тургандыгын гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан өзү билдирди. Анын айтымында, Адилет министрлигине кайра каттоо тууралуу арыз келип түштү.

Мындан тышкары гезиттин башкы редактору алмашты. Ал мурда Атамбаевге ыңгайсыз суроо бере калып иштен кеткен журналист Автандил Добулбеков.

Кылычбек Султандын айтымында, учурда гезиттин негиздөөчүлөрү болуп анын жубайы Мээрим Султан жана уулу эсептелет.

«Юридикалык жактан гезитке менин тиешем жок. Бирок, көптөн бери өнөктөш табуу ниетим бар болчу. Акыркы убакта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын текшерүүлөрү, соттук териштирүүлөр болду. Мамлекеттик машина мен ТИМдеги сырды айткандан кийин мага каршы болуп калышты. Басым менин үй-бүлөмө да тийди. Жакындарымды кошо тарта бербей, гезитти башкага каттатууну чечтим», -деди ал.

Болгону алыскы тууганым деп тим болду. Ошондой эле ал алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь