Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов азыркы кезге чейин кызматтан алынбай жатканына нааразы болду. Ал “9-апрель күнү Коопсуздук кеңешинде Токой чарба агенттигинин мониторинги боюнча жыйналышта, Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун корутундусуна ылайык, агенттикте көптөгөн мыйзам бузуулар, коррупциялык схемалар аныкталган. Мамлекеттик токой фондунун жериндеги мыйзамсыз курулуштун салынышы, аңчылык багыттагы коррупциялык схемалар жана көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган,”-деп билдирди эл өкүлү.
Ал эми Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовго байланышканыбызда Ормоновдун айткандарын четке какты. Учурда тиешелүү материалдар Башкы прокуратурада каралып жатканын жана өкмөткө дагы каттар жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле Рустамов депутат Ормоновду жана Аида Касымалиеванын Өзгөндүк экенин айтып, аталган мекеменин жетекчилик кызматынан четтетилген кызматкерине байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.