УКМК: Үн жаздыруучу аппарат боюнча маалымат бул чагымчылдык

127

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-майда билдирүү таратып, «”Форум ишканасынын өкүлү Алмазбек Атамбаев менен анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө үн жаздыруучу аппарат орнотууга мажбурланган» деген кабарды төгүндөдү.

Мекеме КСДПнын бул маалыматын чагымчылдык катары баалай турганын билдирди. Ошондой эле саясий ишмерлер өзүн пиар кылуу максатында атайын кызматты негизсиз айыптап жатканын да белгилеген.

Буга чейин КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов “Форум” ишканасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат орнотулганын айтып чыккан болчу. Бул боюнча КСДП бүгүн, 24-майда атайын маалымат жыйын берет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь