Ысык-Көл көлүнө бир адам чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.
Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен 30-35 жаштагы Ө.Ж., аттуу эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.