Өтпөй калган тонналаган алмаларды аргасыздан как кылууда (видео)

252

Быйыл Кыргызстандын айыл чарбасы миллиарддаган зыян тартты дейт фейсбук колдонуучусу Кылыч Шанаев. Быйылкы жыл ооматсыз болду деген интернет колдонуучу ящиктелген алмалардын зыян тарткан видеосун жүктөдү. Анда көрүнүп тургандай ишкерлер аргасыздан өтпөй турган алмалардын бир аз да болсо чыгымдарын жабуу үчүн как кылып жасашкан.

” Сиздер көрүп турган видеодогу алмалар бул эми 1 эле көрүнүш. Мындай алмалардын канчасы чирип кетти. 390 тонна алманын баары чирип кеткен эмес албетте. 50 тонна дейли жарабай калганы. Ошол алмаларды кесип алма как кылып банкротту бир аз болсо да жабуу болсо керек. 1 айдан бери алма кесип жайып жаткан жумушчулардын акчасынын өзү эле 180 миң сом. Ар бир киши 600 сомдон болсо 10 кишиники 1 айда 180 миң. Айтайын дегеним ишкерлерге,дыйкандарга өкмөт жардам берсе экспорт кылууга. Бажы союзуна кирдик дегенибиз менен быйыл Казакстан алма,картошка,курманы киргизүүгө чектөө коюп койду. Мына ошонун результаты .
Жумушчу орундарын түзө албайбызбы,жок дегенде ишкерлерге жардам берели. 
Министрдин кызматтан кеткени жакшы болуптур. Чындыгында өтө слабый иш алып барды. Бул жөн гана сунуш! Министрликке асылган эч ким жок.” 

تم النشر بواسطة ‏‎Кылыч Шанаев‎‏ في الخميس، ٢٣ مايو ٢٠١٩

تم النشر بواسطة ‏‎Кылыч Шанаев‎‏ في الخميس، ٢٣ مايو ٢٠١٩

تم النشر بواسطة ‏‎Кылыч Шанаев‎‏ في الخميس، ٢٣ مايو ٢٠١٩

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь