Redbubble аттуу онлайн мода сайты “Аллахка чексиз мактоолор”, “ Аллах жок мен эч ким эмесмин” деген жазуулар жабышкан кыска юбкаларды сатыкка коюшкан. Бул тууралуу Independent басмасы жазып чыккан.
Бул жарыяны көргөн кардарлар “Кимде-ким көрдүбү буларды? “Аллах деген кыска юбкалар! Redbubble сен тараптан абдан өкүнүчтүү болду”,-деп Твиттерден сайтты ар кандай жаман сөздөр менен сөгүп, бул деген сыйлабастык, күнөө , мындай үрөй учураарлык кийимди саткан туура эмес дешкен.
Кийин онлайн-сайт кайра бул жарнамасын алып коюшкан. Юбкалардын баасы 25тен 28 фунтка чейин болгон (Сом менен 2100 сомдун тегереги)
Булак: sokol.media