Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында «Муз-Төр» чек ара кызматынын жана «Торугарт» бажы көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.
«Бул Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берет, ага ылайык республика бажы көзөмөлү аркылуу унаа каражаттарын өткөрүү процессин тездетүүгө тийиш. КӨЖ «бирдиктүү терезе» принциби боюнча биздин кызматтын серверине маалыматтарды онлайн жөнөтүп иштейт», – деди ал.
Долбоордун инженери Юрий Разуменко белгилегендей, кароо комплекси саатына 25 машинаны тейлейт, бир унааны кароого 45 секунд кетет.
Премьер-министр участоктогу бардык курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу, толук көлөмдө жана мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.
Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Муз-Төр» чек ара кызматынын административдик имаратынын абалы, аскерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.
Премьер-министр «Муз-Төр» чек ара кызматынын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.