Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө айылынын 2009-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектепке кичи автобус белек кылышты. Бул тууралуу элдик.медиага жергиликтүү кабарчы билдирди.
Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык мааракеде 3-4 чакырым жерден жөө каттап окуган окуучуларды ташуу үчүн баасы 200 миң сомдук кичи автобус алып беришти.