Таланттуу актёр Адилет Усубалиев Айкөл Манастын ролун жараткысы келээрин facebook тармагындагы жеке баракчасына сторис катары жүктөгөн. Анда актёр жоокердин кийиминде түшкөн сурөтүнө “Ооба мен Манастын ролун ойногум келет! Мен болбосо анда ким?”-деп жазган.
Eldik.Media порталы актёр менен байланышканыбызда бул анын жөн гана кыялы экенин билдирди жана буга чейин төрт кинодо каза болгон каармандардын ролун жараткнын мындан ары тагдыры өлүм менен коштолгон ролдорду аткарбоосун кошумчалады. Бирок Манас атабыздын ролун кандай болгон күндөда ийнине жеткире аткарууга даяр экен.
Эгер өзү күткөн ролдор сунушталбаса анда Адилет актёрлук кесиптен ырчылыкка өтүп кетүүсү мүмкүн.