Алмазбек Атамбаев КСДП төрагалыгынан жана курамынан кетти

173

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кетти. Мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан. Анын ордуна төраганын орун басары Динара Кодуранова КСДПнын саясий кеңешинин 25-майдагы жыйынында шайланды. Бирок бул убактылуу гана көрүнүш экенин «Азаттыкка» саясий кеңештин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында Алмазбек Атамбаевдин партия жетекчилигинен убактылуу чегинүүсү – экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу.

– Сиздер билесиздер, жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий иштер менен алектене албайт, саясий партияны жетектей албайт, курамында болбоого тийиш, – деп түшүндүрдү ал. – Биз бул мыйзамды жокко чыгартуу максатында Конституциялык палатага кайрылганбыз. Бирок, бул мыйзам. Ошондуктан, биз мыйзам чегинде Алмазбек Атамбаевди убактылуу партиянын курамынан чыгарып турууну чечтик.

Экс-президенттер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.

Муну «адам укугун бузуу болуп эсептелет жана Баш мыйзамга туура келбейт» деп жүйө келтирген КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков мыйзамды жокко чыгарууну өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылган.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь