Балдар абагында дагы акыркы коңгуроо кагылды (сүрөт)

175

Акыркы коңгуроо балдар абагындагы окуучулар үчүн дагы кагылды. Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14 балдар абагынан бир 11-класстын окуучусу, үч 9-класстын окуучусу аяктады.

Алардын бирөөсү мөөнөтүнөн эрте боштулду. Мекеменин жетекчилиги жана мугалимдери  бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сабакта өздөрүн мыкты көргөзгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мектеп директору окуучулар мамлекеттик сынактарга катышууга уруксаат алгандыгын билдирди. Бүтүрүүчүлөр окуучулук күндөрдү чагылдырган номерлерди аткарып, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулашты.

Ал эми абактагы мөөнөтү бүтө электер, колонияга караштуу кесиптик лицейге тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь