Бишкекте белгисиз адам күч колдонуу менен кызды унаасына салып, уурдап кеткен

336

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун кызматкерлери адам уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу eldik.media га Бишкек ШИИБнен кабарлашты. Белгилүү болгондой, 20-май күнү “Түштүк-2” районунан белгисиз жигит 1996-жылы туулган кызды унаасына күч колдонуп салып кеткен. Бул тууралуу укук коргоо органдарына кыздын агасы арыз менен кайрылган.

Окуя боюнча “адам уурдоо” фактысы катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иш башталган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү кылмышка шектүү делип 1993-жылкы жаран кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайын киргизилди.

Ал эми Бишкек ШИИБнын маалымат кызматынан маалымдагандай, кыздын абалы жакшы, үйүнө жеткирилген.

Учурда эмне себептен алып кеткендиги териштирилүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь