ВИДЕО: Арабасын сүйрөп Москвага жөө жөнөдү

Александр Габышев Якутиядан Москваны көздөй жөө жөнөдү. Буга чейин анын айылдарды басып өткөн видеолору интернетке жарыяланган. Сапарга чыкканына эки ай болду. Габышевдин айтымында Москвага дагы эки жылда жетет.

Жолдон көргөндөр ага күч-кубат каалап, видеого тартып алышып интернетке жарыялап жатышат.  Якутиялык шаман жанына керектүү кийимдерди, буюмдар жана алачыгын кичинекей арабага сүйрөп алып жүрөт.

Шамандын айтымында узак жолго сапарга аттангандыгынын себеби, Россияны тазалап, эркин өлкөгө айлантуу. “Россиядагы адамдар бардыгы тең болушу керек. Эч кимди эч ким башкарбашы керек,“- дейт Габышев.

Акыркы маалыматтар боюнча якут Амур областына жетти.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь