Германиянын Федералдык Эмгек министри Хубертус Хайл тазалык кызматкерлеринин көйгөйлөрү менен жакындан таанышуу үчүн ооруканада алардын ишин аткарды. Ал жакта көптөн бери иштеген 48 жаштагы Сузанна Холкот менен таанышып, бир күндү аны менен өткөрдү. Анда керебеттерди тазалап, шейшептерди алмаштырып чыкты.
Иштин оорчулугун сезген Хейл бир күндө кылган иши бул жакта эмгектенгендерди колдоого жетиштүү болгонун айтты.
Булак: zaman.kg