Канча адам болсо ошончо талант. Норвегиялык кыз жылкынын адаттан тыш жөндөмдөрүн туурап, соц тармактарда жылдызга айланды. Ал теминип чуркап, жорголоп ал тургай чыныгы ат сыяктуу тоскоолдуктарды аша алат. Бул жөндөм соц тармактын колдонуучуларына абдан жаккандыктан, миңдеген жактырууларды басышты.
Айла Кристин мындай кыймылдарынын видеосун Твиттердеги баракчасына жайгаштырган. Роликти бир аптанын ичинде 18 миллион адам көргөн.
Айла бала кезинде жаныбар болууну абдан каалаганын айтат. Төрт жашында ал итти жакшы көргөндүктөн ошол жаныбарга айланууну самачу. Кийин кызга жылкы жаккандыктан, анын кыймылдарын кунт коюу менен үйрөнө баштаган.
Булак: barometr.kg