Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский өткөн жылдагы кирешелери боюнча декларациясын жана болгон мал-мүлкүн жарыялады.
Президенттин бир жылдык кирешеси 2018-жылы 9,7 миллион гривен (370миң доллар) түздү.
Зеленский байлыгын көрсөтүүнү талап кылган активисттерге, Киев облусундагы үйүн, жер тилкесин, Киев шаарындагы төрт батирин, үчүнчү жакка катталган эки батирин, эки унаа токтотуучу жайын, Киевдеги эки унаа токтотуучу жайын, Крымдагы унаа токтотуучу жайын, Улуу Британияда ижарага алган эки батирин, Италиядагы эки үйүн, Грузия мейманканалардагы он номерин көрсөткөн.
Декларацияга эки автоунаасын (Range Rover и Mercedes-Benz S 500), он жуп саатын жана баалуу кагаздарын жазып, банктардагы жана накталай акчаларын дагы ачыктаган. Ошондой эле, бир жылда 160 миң доллар тапканын да кошумчалаган.