Бүгүн 25-майда республиканын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат. Кыргызстанда быйыл 61 миң бүтүрүүчү 11-классты аяктайт.
Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунаалар менен эс алууга, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган.
«Акыркы коңгуроого» арналган кечелерди өткөрүүдө коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун 4 миңдей милиционер көзөмөлдөйт.