Муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары бала бакчанын жарым акчасын төлөйт

203

Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоо жаатында социалдык долбоор башталарын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июндан тарта мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, мамлекет жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр. Муну менен аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө белсенүүдө.

Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы, 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:

  • Көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп баласы бар);
  • Аз камсыз үй-бүлө;
  • Баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон;
  • Ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып;
  • Ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем.

Жогорудагы категорияга кирген ата-энелер Билим берүү министрлигине табыштама жиберип, 50 пайыздык жеңилдик ала алат. Табыштаманын формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтына жайгаштырылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь