Ноокат районунда 24-май күнү 17 жаштагы бала башкарып бара жаткан “Хонда-Жаз” үгүсүндөгү автоунаа үйдүн короосуна кирип кеткен.
Ош ОИИБнан элдик.медига кабарлагандай, Ак-Чал айылынын тургуну 2002-жылкы жигит атасынын унаасы менен Кызыл-Кыя шаарын көздөй бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада бир үйдүн короосуна кирип, сарайын сүзүп барып токтогон.
Унаада айдоочудан тышкары дагы үч адам болгон. Алар классташтары болушу мүмкүн. Үчөө денелеринен жеңил жараат алып, бир кыздын буту сынып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына кайрылышкан.
“Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү автоунаа Ноокат РИИБдин убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулду.
Бул факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ноокат РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.