Отургуч тазалаган кичинекей кызга төрага ыраазычылыгын билдирди

108

Интернетте өз алдынча отургучтарды тазалап жүргөн кичинекей кыздын видеосу тараган. Бишкекте жаңы орнотулган жыгач отургучтарды тазалаган кыз көпчүлүктүн көңүлүн жылытып, кыздын аракетине Бишкек шаардык Кеңешинин  төрагасы Жаныбек Абиров дагы кубангандыгын жашырган жок. Абиров жаш кызга ыраазычылыгын билдирип, белек тапшырды.

Бул тууралуу төрага фейсбук баракчасына жарыялады.

Борбор шаарыбыздын тазалыгы үчүн кичинекей жүрөгү менен аракет кылган кызыбызды көрүп ыраазы болуп жүрөгүм кубанды. Социалдык тармактардан видеону көрүп, бүгүн ардактуу кызыбызга жолугуп белегимди бердим. Сенин аракетиӊди баарыбыз колдоп Бишкек шаарын таза кооз шаарга айланталы. Балалыгыӊ бактылуу өтүп, өмүрлүү бол. Келечегиӊ кенен болсун! ” 

 

Борбор шаарыбыздын тазалыгы үчүн кичинекей жүрөгү менен аракет кылган кызыбызды көрүп ыраазы болуп жүрөгүм…

تم النشر بواسطة ‏‎Жаныбек Абиров‎‏ في الجمعة، ٢٤ مايو ٢٠١٩

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь