Ош: Шапар тепкени бара жаткан бүтүрүүчүлөр кармалды

141

Ош облусунун Чыйырчык жайлоосуна эс алууга жөнөгөн бүтүрүүчүлөр кармалды. Кара-Суу районундагы мектептердин биринде окуган окуучулар Ош-Эркештам жолунун 20-чакырымында эки авто унаа менен бара жатышкан. Бул тууралуу өздүк булак элдик.медиага кабарлады.

Анын айтымында, окуучулардын мектеп директору жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган күч органдары чакырылды.

Ал эми Ош облустук ИИБнан тастыктагандай, Баш-Булак айылынан колледждин окуучулары кармалган. Белгилүү болгондой 5-6 бала жолтандабас менен бара жатышкан. Милиция кызматкерлери балдардын ата-энелерин чакыртып тапшырып беришкен.

Учурда бардык эс алуучу аймактар милиция кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөлдөнүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь