Премьер-министр: Мектепти бүтүп жатканда көзүбүзгө жаш келгенин унутпайм (сүрөт)

208

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7-мектептин окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Өкмөт башчы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга көздөгөн максаттарына жетүүнү,  билим алууга жана ар дайым өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулууну каалады.

«Мектеп экинчи үйгө айланат. Ар бир бир жолу мектепке кайтып келгенде адам өзгөчө толкундоону сезет. Себеби бул окуу жайда ал алгач ирет билим, тарбия алып, досторду тапкан. Көп жыл өтсө да, мен классташтарымды, мектепти бүтүп жатканда кандай толкунданып, көзүбүзгө жаш келгенин унутпайм. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Биринчи мугалим» повестинде жазгандай, ар ким өзүнүн билим берген биринчи мугалимин эсинен чыгарбайт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бүтүрүүчүлөргө билим жолуна багыт алып, кесипти туура тандоону каалады.

Премьер-министр сөзүнүн соңунда мектептин жетекчилигине компьютердик жабдууларды тапшырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь