9-класстын окуучусу Аделина изделүүдө

204

15 жаштагы Аделина Коженалиеваны туугандары издеп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кыздын эжеси Мээрим Тиленчиева кабарлагандыгын жазышууда.

24-майда болжол менен 21:43тө 9-класстын окуучусу үйүнөн кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аделина 2013-жылы 8-декабрда төрөлгөн. Токмок шаарында жашайт. Тиленчиеванын айтымында сиңдисинин үйдөн кетүүсүнө себеп боло тургандай үй-бүлөсүндө эч кандай көйгөйлөр болгон эмес. Болгону анын алдында Аделинаны апасы бир аз урушкан. Куртка жана кара бут кийим кийген. Жанында кара түстөгү рюкзагы бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь