25-майда Панфилов районунда жайгашкан өспүрүмдөр отурган абакта акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 1 бала 11-классты бүтүрсө, 3 окуучу 9-классты аяктады. 1 окуучу соттун чечими менен шарттуу түрдө бошотулду. Иш-чаранын алкагында балдар концерттик программаларды тартуулашып, өз өнөрлөрү менен бөлүштү. Мугалимдер балдарды окуу жылынын бүтүшү менен куттукташты. №14 колония өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз абак.