Ат-Башыда 450 миң сомго стела курулду

248

Ат-Башы районунун Калинин айылынын кире беришине Калинин деген жазуусу бар стела коюлду. Бул тууралуу аймактагы маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, аны айылдагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчү курдурган. Анын ачылыш аземине жергиликтүү тургундар катышты. Курулуштун жалпы баасы 450 миң сомду түздү.

«Стеланын 4 устуну төгөрөктүн 4 бурчу. Алардын баштарынын биригүүсү — ынтымак. Бийиктеп асман тирегени өнүгүүнүн символу. Ортодогу көөкөр көчмөн кыргыз калкынын тиричилик буюму», – деп билдиришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь