Бишкек шаарындагы № 24-мектептин бүтүрүүчү класттын энелери жана мугалими акыркы коңгуроодо окуучуларга бийлеп беришти.
Эске салсак, Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылын жалпы 11-класстан 65 миң окуучу аяктайт.
Анда артыкчылык аттестат алуу үчүн жалпы 1 миң 44 окуучу тесттен өткөн. Артыкчылык аттестат алуу үчүн 585 окуучу кыргыз тилинде, 430 окуучу орус тилинде жана 29 окуучу өзбек тилинде тест тапшырган.
9-классты аяктап жаткандарга күбөлүк 21-июнда тапшырылат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 24-июнда берилмекчи.