Бүгүн Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу социалдык тармакка жарандар жарыялады.
Маалыматка ылайык, таш жүк ташуучу унаага тийген. Жабыркагандар жок. Азырынча бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат бере элек.
Буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштерине байланыштуу 20-24-майда маал-маалы менен жабыла турганын эскерткен.