Депутат Аида Исмалиова Жети-Өгүз районунун мектептерине компьютер белек кылды

442

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Жети-Өгүз районуна иш сапар менен барып Богатыровка, Липенка жана Ичке-Булуң айылдарындагы орто мектептерде өткөрүлгөн Акыркы коӊгуроо аземине катышты.

Мугалимдерди жана окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктаган депутат Аида Исмаилова: “Эгемен Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги жаштардын колунда. Андыктан, келечек ээлеринин эл керегине жараган мыкты инсан болуп калыптанышы үчүн баарыбыз кам көрүшүбүз керек. Аларга татыктуу таалим-тарбия, билим берип, өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз зарыл”, – деди.

Мындан сырткары, аталган айылдардагы үч мектепке үчтөн компьютер белек кылып, окуусунда ийгилик жараткан алдыӊкы окуучуларга Ардак грамоталарды таршырды.

Аталган мектептерде компьютер жабдуулардын жетишсиздиги башкы көйгөй болуп келгенин.  Эл өкүлү бул сыяктуу жардамдар дагы да улантыларын айтып, балдардын келечегине кам көрүү башкы максаттарынын бири экенин белгиледи.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь