“Исфанадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштандылар өз убагында чыгарылбай, жагымсыз жыттар чыгып жатат,”- деп билдирди окурман
Баткен облусунун Исфана шаарынын Кошмуратов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштандылар өз убагында чыгарылбай, жагымсыз жыттар чыгып жатат. Бул тууралуу интернет колдонуучусу билдирди.
“Таштандылар өз убагында чыгарылбай жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Жаз келери менен жагымсыз жыттар чыгып жатат. Тиешелүү мекемелер убагында таштандыларды чыгарып турса жакшы болмок”, – дейт окурман.